• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстандык жаран Кыргызстандан 15 жапайы мышык, кирпи, коен алып чыгып кеткен

Коом 0

Бишкек, 26.03.19. /Кабар/. Казакстандын чек арачылары "Кара-Суу" чек ара көзөмөл жайында Кыргызстандан жаныбарларды документи жок алып келе жаткан казак жаранды кармашкан. Бул тууралуу Казакстандын чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал жарандын "Форт Транзит" үлгүсүндөгү унаасында 15 жапайы мышык, 25 кирпи чечен, 10 коен, 3 пони болгон. Алардын эч кандай документтери болгон эмес.

Ал жаныбарлар Жамбыл облусунун ветеринария кызматына тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий