• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандын аймагы аркылуу темир жол каттамынын транзитин кайрадан жандандыруу боюнча түшүндүрмө

Өкмөт 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. КР министрлер кабинети Казакстандын аймагы аркылуу темир жол каттамынын транзитин кайрадан жандандыруу боюнча түшүндүрмө берди.

"Үстүбүздөгү жылдын 15-16-февралында КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун теңтөрагалыгы алдында Кыргызстан менен Казакстадын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-жыйыны болуп өттү.

Негизги макулдашуулардын бири катары 2022-жылдын 21-февралынан тартып Кыргызстандан Россияга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу транзитин кайрадан жандандырууга казак тараптын макулдугу болду.

Буга катар КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги казак тарап менен жетишилген макулдашууларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандыруу жөнүндө россия тараптын макулдугун алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантат.

Кыргызстандан Россияга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну кайрадан жандандыруу россия тараптын макулдугун алгандан кийин гана мүмкүн болорун белгилейбиз".

Пикир

Оставить комментарий