• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстандын Айыл чарба министрлиги жарандарды кургакчылыктан жабыр тарткандарга көмөктөшүүгө чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Казакстандын Айыл чарба министрлиги жарандарды кургакчылыктан жабыр тарткандарга көмөктөшүүгө чакырды. Кайрылуу мекеменин сайтына жарыяланды.

Министрликтин маалыматына караганда, ысык аба ырайы Казакстандагы көптөгөн аймактарды кургакчылыкка кептеп, өзгөчө Мангыстау облусу жабыркады.

Маалыматта өкмөт жана жергиликтүү бийлик чыгымды азайтуу жана фермерлерди колдоо боюнча жемиштүү иш алып барып жатканы, ыктыярчылар да жардамга келгени, министрликтин кызматкерлери бир күндүк маянасын Мангыстау акимчилиги уюштурган атайын фондго которгону айтылат.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Мангыстау облусунда июлда 1000ден ашуун, Кызылордо облусунда 500дөй үй жаныбарлары өлдү. Июлдун ортосунда кургакчылык менен күрөшүү үчүн Мангыстау облусуна 4,4 млн доллар, Кызылордо облусуна 4 млн доллар бөлүнгөн. Кызылордо облусунун Арал районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Бул арада Европа биримдиги Казакстанда кургакчылыктан жабыр тарткан үй-бүлөлөр үчүн 200 миң евро бөлдү. Жардам Мангыстау жана Түркстан облусунда табият апаатынан өзгөчө жабыр тарткан алты миңдей кишиге берилет.

Пикир

Оставить комментарий