• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандын Актөбө облусунда ири шамал электр станциясынын курулушу башталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.01.19 /Кабар/. Казакстан кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүүдө ийгиликтүү кадамдарды жасоодо. Адистердин эсептөөлөрү боюнча 2050-жылга карата өлкөдө өндүрүлгөн энергиянын жарымы альтернативдүү болушу керек. Актөбө облусунда өлкөдөгү ири шамал электр станциясынын курулушу башталды.

Ал италиялык корпорациянын Казакстандын заманбап энергетика тармагына салган масштабдуу инвестициясы болуп саналат. Долбоордун наркы 33 миллиард теңгеден ашат, деп жазат kazakh-tv.kz.

Станциянын кубаттуулугу 48 мегаватты түзмөкчү. Каркалы аймагында кыймылдаткыч түтүгүнүн диаметри 130 метр ал эми мунарасынын бийиктиги 85 метрди түзгөн 13 бара орнотулмакчы. Шамал бекетин быйылкы жылдын аягында ишке киргизүү мерчемделүүдө.

Нуртуган Оралбаев, облустук индустриалдык-инновациялык өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүм башчысы:

– Шамал электростанциясы аймакты саатына 198 киловатт электроэнергисы менен камсыздайт. Мындай долбоорлорду ишке ашыруу өлкө башчынын кайрылуусунда белгиленген өлкөнүн жашыл экономикага өтүү негиздери менен келечектин экономикасы, альтернативдүү энергетика багыттарын камтыйт.

Муну менен катар эле Жамбыл облусунда Борбор Азиядагы эң ири «Бурное Солар-2» күн электростанциясы кубаттуулугун жогорулатты. Учурда бул жерде 100 мегаватт кубаттуулукка ээ 377 миң күн батареялары иштөөдө. Күнөстүү учурда алардын ар бири күнүнө 330 миң киловатт саатка чейинки электр энергиясын иштеп чыгат. Күн электростанциясынын иши толугу менен автоматташтырылып, адистердин тынымсыз көзөмөлүндө.

Нурлан Капенов, күн электростанциясынын башкы директору:

– 100 МВт кубаттуулуктагы СЭС долбоорун ишке ашырууда биз 35 миллион долларга барабар чет элдик инвестицияларды тарттык. Эки долбоордун жалпы наркы 50 миллиард теңгеге жетти.

Учурда Казакстанда 55 шамал электр станция объектилери бар. 2020 -жылга чейин дагы 52син ишке киргизүү мерчемделүүдө. Алардын жалпы кубаттуулугу 2 гигаваттка жетет.

Бүгүнкү күндө 47 миллиард 800 миллион долларга бааланган 145 инвестициялык долбоорлордун тизмеси иштелип чыккан. Белгилей кетсек, чет элдик инвесторлор аларга өзгөчө кызыгууларын билдиришүүдө.

Пикир

Оставить комментарий