• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстандын «Амре» тасмасы Голливуддагы кинофестивалда жеңүүчү аталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Казакстандын «Амре» аттуу тасмасы 23-октябрдан 28-октябрга чейин Лос-Анжелесте өткөн эл аралык Hollywood Film Festival кинофестивалында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу тасмада башкы ролду аткарган актер Санжар Мади Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Достор! Биздин «Амре» деген тасмабыз («Paris Song») Hollywood Film Festival кинофестивалында калыстардын жогорку баасына ээ болуп, 1-орун алды», — деп жазды ал.

Легендарлуу тенор үндүү казак ырчысы Амре Кашаубаев тууралуу тасманы «Казакфильм» киностудиясы өлкөнүн Маданият жана спорт министрлигинин буйругу боюнча Darplay компаниясы менен биргеликте тарткан.

Амре Кашаубаев — советтик ырчы, актёр жана музыкант. Казак улуттук театр өнөрүнүн негиз салуучуларынын бири. Ал Парижде алашчы Мустафа Шокаев менен жолугуп, СССРдеги дагы бир алашчы Ахмет Байтурсыновго кат алып келип берген деген шек менен НКВД тарабынан куугунтукталган.

Кашаубаевдин сөөгү 1934-жылы 6-декабрда Алматынын көчөлөрүнүн биринде табылган. Анын эртеси ал башкы ролду аткарган «Кыз Жибек» операсынын премьерасы болмок.

Пикир

Оставить комментарий