• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандын Арал районунда кургакчылыкка байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Казакстандын Кызылорда облусунун Арал районунда кургакчылыкка байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Облустук акимчиликтин расмий сайтындагы маалыматка караганда, өзгөчө кырдаал 13-июлдан тартып күчүнө кирди.

Шаршембиде облус акими Гүлшара Абдыкаликованын катышуусунда өткөн жыйында Арал районундагы кургакчылыктын кесепетинен быйыл 559 ири мүйүздүү мал өлгөнү айтылды.

“Биринчи кезекте мал башын аман алып калуу үчүн суу скважиналарын казып, жайыт жерлерин сугаруу үчүн каналдарды тазалап, плотиналарды куруу керек. Бул долбоорлорду толук жүзөгө ашыруу үчүн Сырдарыя дарыясындагы Бурмакулак каналын бөгөп, Аспай шаркыратмасын ишке берүү зарыл. Жогорудагы жумуштар ири көлөмдөгү каражат талап кылгандыктан, республикалык бюджеттен акча бөлүү тууралуу өкмөткө кат жолдодук”, - деди Абдыкаликова.

Акимчиликтин маалыматына караганда, кургакчылык аймак үч зонага бөлүндү. Азыр “кызыл аймакта”– 13, "сары аймакта" – 6, "жашыл аймакта" 4 калктуу конуш турат.

Быйыл Казакстандын бир катар аймактарында кургакчылык өкүм сүрүүдө. Өзгөчө Мангистау жана Кызылорда облустарында абал оор.

Пикир

Оставить комментарий