• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстандын Арыс шаарына кирүүгө уруксат бериле элек

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Жарылуу болгон Арыс шаарында байланыш жок, базарлар, дүкөндөр, май куюучу жайлар ишин токтоткон, темир жол каттамдары да үзгүлтүккө учурады.

Сentralasian кызматы кабарлагандай, Бадам айылы тараптан шаарга кире турган жол жабылган, трассада полиция жана аскер посттору турат. 25-июнда бул жерге элдер чогулуп, шаарга киргизүүнү талап кылышкан. Алардын көбү жарылуу болгондо документтерин, баалуу буюмдарын албастан, калаадан шашылыш чыгып кетишкен.

Жакын аймактарда жашагандар чогулгандарга суу жана эң керектүү буюмдарды алып келишүүдө.

Арыс шаарындагы имараттар, жолдор талкаланган. Бийлик курал-жарак сакталган кампада жарылуу коркунучу дале бар экенин билдирүүдө.

Казакстан Коргоо министрлигинин билдиришинче, калк отурукташкан аймак менен ок-дары сакталган кампанын ортосу 200 метрди түзөт.

Түркстан облусунун Арыс шаарында жарылуу 24-июнда болгон. Ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин айтымында, шаардагы 43 миң адамдын 42 миңи коопсуз жайга көчүрүлгөн.

Жалпысынан дарыгерлерге 165 адам кайрылган, алардын 89у ооруканага жаткырылган.

Жарылууда жарадар болгон эки жаран каза болгону, бири жай тургун экени, анын автоунаасына снаряд тийгени, экинчиси аскер адамы экени маалым болгон.

Пикир

Оставить комментарий