• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстандын аскер делегациясы Кыргызстанга расмий сапары менен келди

Коом 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында Казакстандын аскердик делегациясы менен жолугушуу өттү.

Кошуналардын келиши эгемендүүлүк алгандан кийин кыргыз-казак мамилесинин тарыхындагы биринчи расмий сапар болуп саналат. Казакстандын коргоо министри, генерал-майор Сакен Жасузаковдун башчылыгы алдында аталган өлкөнүн аскердик делегациясы бүгүн, 25-июлда Кыргызстанга келген.

С.Жасузаков келгенден кийин өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн жогорку башкы колбашчысы, президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан.

Бүгүн КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, генерал-майор Райимберди Дүйшенбиев менен жолугушуу өтүүдө.

Сүйлөшүү учурунда тараптар борбордук-азиялык региондогу абалды, эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн алмашуусу, бирдиктүү коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашат. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандын жана Казакстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы аскердик чалгындоо тармагында ич ара кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлушу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий