• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандын башкы прокурору кызматына Берик Асылов дайындалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.03.22. /Кабар/. Казакстандын башкы прокурору кызматына Берик Асылов дайындалды. Президент Касым-Жомарт Токаевдин тиешелүү жарлыгы 3-мартта Акордонун сайтына жарыяланды.

Парламенттин Сенаты башкы прокурор кызматына президент сунуштаган талапкерди талкуусуз эле жактырды.

Асылов 2019-жылы мартта башкы прокурордун орун басары кызматына дайындалганга чейин эки жыл Түндүк Казакстан облусунун прокурору болуп иштеген. 2011-жылдын сентябрынан 2017-жылдын февралына чейин Алматынын прокурору кызматын аркалаган.

Буга чейинки башкы прокурор Гизат Нурдаулетов өткөн жумада кызматтан алынып, президенттин жардамчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматына дайындалган.

Былтыр сентябрда президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча комиссиянын мүчөсү болгон Берик Асылов Январь окуяларында каза болгондордун тизмеси качан жарыялана турганын так айта алган жок.

Асылов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: "Бул тизме сөзсүз жарыяланат. Силерге маалымат берилет. Бирок азыр комментарий бере албайм. Качан экенин айта албайм", — деди.

Пикир

Оставить комментарий