• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандын чек арасында 2,2 миңден ашык бөтөлкө ичимдик менен кыргызстандык кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Казакстанга 2 миң 203 бөтөлкө ичимдикти мыйзамсыз алып кирүүгө аракеттенген Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Казакстандын чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандын чек арачылары "Мерседес Бенц Спринтер" унаасында бара жаткан Кыргызстандын 35 жаштагы жаранын токтотушкан. Унааны текшерүүдө 2 миң 203 бөтөлкө ичимдик табылган. Ичимдиктердин жалпы көлөмү 1 миң литрден ашык болгон.

"Жүктүн документтери болгон эмес. Ал Кордай районунун Мамлекеттик кирешелер департаментине өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий