• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандын чек арасында аткезчилик жол менен телефон алып бара жаткан кыргызстандык кармалды

Коом 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Кордай чек ара бөлүмүнүн кызматкерлери Казакстанга аткезчилик жол менен телефон алып бара жаткан 28 жаштагы кыргызстандык жаранды кармады. Бул тууралуу Казакстандын Чек ара кызматы билдирет.

Кыргызстандык жарандын уунасында 3 миң 865 телефон табылган: Iphone – 906 даана, Samsung – 2310, Redmi – 205, Huawei – 380, Vertu – 64.

Анын унаасы Кордай райондук экономикалык иликтөөлөр департаментине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий