• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандын чек арасында эгиз бир тууганынын паспортун көрсөткөн кыргыз жараны кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Казакстандын Павлодар чек ара отрядынын "Косак-авто" бөлүмүндө эгиз бир тууганынын паспортун көрсөткөн кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Чек ара кызматы билдирди.

Казакстандын Чек ара кызматы билдиргендей, ал жаран "Мерседес" унаасы менен Россияга өтмөкчү болгон.

"Ал 26 жаштагы Хусан аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун көрсөткөн. Документ жасалма болгон эмес. Сүрөттөгү адам да ага окшош болгону менен чек арачылардын шектенүүсү тараган эмес. Кийинки текшерүүлөр чек арачылардын шектенүүсү бекер болбогонун көрсөткөн. Ал жарандын айтымында, документтер анын эгиз бир тууганыныкы болгон. Өзүнүн аты Хасан болуп чыккан", - деп билдирет кошуна өлкөнүн чек ара кызматы.

Учурда ал маалыматтарды текшерүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий