• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстандын чек арасында кыргыз жараны баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.01.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Казакстандын чек арасында баңгизат менен 38 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалган. Бул тууралуу Казакстандын чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кордай чек ара отрядынын “Кордай-авто” чек ара көзөмөл бөлүмүндө текшерүүдө кыргызстандыктын чөнтөгүндө 3-4 грамм кочкул жашыл түстөгү атайын жыты бар зат табылган. Болжол менен ал баңгизаты.

Кармалган жаран аймактык Ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий