• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандын чемпионаты: волейболчу Оңол Каныбек уулу ойногон "Тараз" командасы "Атырауну" утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Казакстандын волейбол боюнча улуттук лигасынын үчүнчү турунда кыргызстандык Оңол Каныбек уулу "Тараз" командасынын катарында "Атырауну" утуп алды. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

Кечээ, 22-январда "Тараз" командасы "Атырауну" 3:1 эсебинде жеңип алды.

Буга чейинки оюнда "Атырау" командасы "Таразды" 25-22 эсебинде артта калтырган.

"Тараз" командасынын кийинки оюну 25-январда "Есиля СК" командасы менен болот.

Белгилей кетсек, кыргызстандык волейболчу Оңол Каныбек уулу Казакстандын чемпионатында "Тараз" командасынын катарында ойноп келет.

Пикир

Оставить комментарий