• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Казакстандын экс-премьери Серик Ахметов абактан чыгат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.09.17 /Кабар/. Коррупция иши боюнча 2015-жылы соттолгон Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахметов калган төрт жыл 26 күндүк жаза мөөнөтүн жашаган жеринде өтөйт. Бул тууралуу жергиликтүү агенттиктер Караганда облустук сотуна шилтеме кылып билдиришүүдө.

Соттон кабарлашкандай, бул чечим боюнча айыптоо тарап 21-сентябрга чейин даттана алат.

Мурдагы премьер-министр Серик Ахметов 2015-жылы декабрда Караганда соту тарабынан бюджеттик каражатты уурдоо, кызмат абалын кыянат пайдалануу жана ишкердикке мыйзамсыз катышуу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Соттун чечимине ылайык, анын мүлкү конфискацияланып, беш жыл мамлекеттик кызматтарда иштөө укугунан ажыраган. Жалпысынан бул иш боюнча 21 киши айыпталуучу катары өткөн.

Серик Ахметовдун адвокаттары 2016-жылы мартта апелляциялык инстанцияга кайрылып, камактагы мөөнөтүн 8 жылга чейин кыскартууга жетишишкен. Быйыл жыл башында анын мөөнөтү өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата жарыяланган мунапыс боюнча дагы кыскартылганы кабарланган.

Караганда облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ахметовдун жаза мөөнөтүн жумшартуу өтүнүчү ага берилген жакшы мүнөздөмөгө жана келтирилген чыгым толугу менен төлөнүп берилгендигине негизделген.

Пикир

Оставить комментарий