• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстандын ИИМи Россиядагы массалыш мушташта кыргызстандыктардын катышканын четке какты

Коом 0

Бишкек, 26.11.18 /Кабар/. Амур облусунун Свободненск районунда газ иштетүү заводунун ичинде Кыргызстандын эмес, Тажикстандын жана Казакстандын жумушчуларынын ортосунда массалык мушташ чыккан. Буга чейин казак жана кыргыздардын ортосунда мушташ чыкканы айтылган.

Социалдык тармактарда Казакстандын жарандары катышкан мушташтын видеосу жарыяланган.

“Видеодогу окуя 22-ноябрда Россиянын аймагында Амур облусундагы газ иштетүү заводунун курулуш ишинде орун алган. Жумушчулардын массалык мушташына Тажикстандын жарандары жана биздин мекендештер катышкан”, - деп билдирди Казакстандын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Алмас Садубаев.

Казакстандын ИИМи болгон окуянын чоо-жайы жергиликтүү укук коргоо органдары тарабынан такталып жатканын тактоодо. Бардык күнөөлүү адамдар аныкталды, - деп билдирет “Казинформ” агенттиги.

Маалым болгондой, мушташтын катышуучуларынын бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Россиянын ИИМнин Амур облусу боюнча басма сөз кызматы маалыматты тастыкташкан. Полициядан мушташтын кесепетинен 18 жаштагы бала оор жаракат алганын билдиришкен. Полиция “Ден соолукка атайылап оор залака келтирүү" беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду..

Пикир

Оставить комментарий