• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандын көк бөрү боюнча курама командасы Россиянын командасын 15:3 эсебинде утту

ДКО 2018 0

Бишкек, 05.09.18. /Кабар/. Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында көк бөрү боюнча үчүнчү күн мелдештер өтүүдө. С тобунда Казакстандын курама командасы алгачкы оюнду Россиянын Красноярск шаарынын командасы менен ойноп, аларды 15:3 эсебинде утуп алды.

Бүгүн 15:00дө казакстандыктар өзүнүн тобундагы АКШнын командасы менен оюн талаасына чыгышат.

Учурда көк бөрү боюнча биринчиликке 4 топко бөлүнгөн 10 команда катышууда:

А тобу - Кыргызстан, Монголия,

В тобу - Москва, Афганистан,

С тобу - Казакстан, АКШ, Красноярск,

D тобу - Башкортостан, Франция, Өзбекстан.

Пикир

Оставить комментарий