• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстандын кайра шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев ант берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. Казакстандын кайрадан шайланган президенти Касым-Жомарт Токаев салтанаттуу түрдө кызматына киришти. Бул тууралуу "Казинформ" эл аралык маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, инаугурация аземи Астанадагы Эгемендүүлүк сарайында өтүүдө.

Ошентип, Казакстан Республикасынын Конституциясынын 42-беренесине ылайык, жаңы шайланган мамлекет башчысы ант берди.

Казакстандын шайланган президентинин инаугурациясынын урматына ант бергенден кийин мамлекеттик гимн аткарылып, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын президентинин күбөлүгүн тапшырды.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 20-ноябрда Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгында Токаевге 6 млн 456 миң 393 шайлоочу (81,31%) добуш берген.

Пикир

Оставить комментарий