• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандын каршылыгынан улам Бишкек–Ташкент автобустук каттамы жабылды

Коом 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Бишкек – Ташкент автобустук каттамы жабылды. Казакстан өз территориясы аркылуу автобустун жүрүшүнө каршы чыкты. Бул тууралуу "Транс-Союз-Азия" ишканасы кабарлады.

Бишкек–Ташкент автобусу 2018-жылдын май айында каттай баштаган.

Мекеменин маалыматы боюнча, каттам боюнча маселелер буга чейин Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын тиешелүү органдары тарабынан макулдашылган болчу. Бирок Астана 24-январда тараптардын макулдугу жок эле транзиттик каттамдын өз аймагынан өтүүсүнө тыюу салган.

Мындай чечимди казак тарап Бишкек – Жибек Жолу каттамы кайталанып жатканы менен түшүндүрдү.

"Транс-Союз-Азия" маселени чечүүгө керектүү документтер чогултулуп Астанага жиберилгенин билдирди. Кийин Казакстандын транспорт комитети Бишкек – Ташкент каттамы боюнча кызмат көрсөтүүчү компаниялардын арасына казакстандык ташуучу-фирманы кошууну сунуштаган.

Учурда Бишкек – Ташкент каттамы жабык. Бул каттам боюнча күнүнө бир тарапка эле 100 жакын адам каттачу.

Пикир

Оставить комментарий