• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстандын Каспий деңизинин жээгинен 130дан ашык өлүк тюлень табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 09.11.22. /Кабар/. Мангыстау облусундагы Каспий деңизинин жээгинен 131 тюлендин өлүгү табылды. Бул тууралуу Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлигинин Балык чарба комитети билдирди.

Учурда илимий институттардын жана уюмдардын, ошондой эле ветеринардык кызматтардын кызматкерлери жаныбарлар өлгөн жерде гидробиологиялык, гидрохимиялык анализдер үчүн суунун жана кыртышынын, ошондой эле ткандардын, анын ичинде гистологиялык жана токсикологиялык лабораториялык изилдөөлөр үчүн тюлендердин ички органдарынан тиешелүү үлгүлөрдү алууда.

2022-жылдын 7-ноябрында Мангыстау облусунун Түпкараган районунун ички иштер бөлүмүндө каспий тюлендеринин өлүмү боюнча факты каттоого алынып, жаныбарлардын өлүмүнүн себептери жана башка жагдайлары такталууда.

Булак: МИА «Казинформ»

Пикир

Оставить комментарий