• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстандын коргоо министри отставкага кетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев отставкага кетти. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз катчысы Берик Уали "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу билдирди.

"Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев коргоо министри Нурлан Ермекбаевдин кызматтан бошотуу жөнүндөгү арызын карап, анын өтүнүчүн канааттандырды", — деп жазды Уали.

26-август күнү Жамбыл облусунун Байзак районундагы ок-дары сакталган аскердик кампада жарылуу болуп, анын кесептетинен 15 киши өлгөн, жүздөй адам жаракат алган. Учурда бир адам дайынсыз болууда. Каза тапкандардын баары Коргоо министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери.

Окуя болгондон кийин коргоо министри Нурлан Ермекбаев отставкага кетүү тууралуу арыз жазарын айткан.

2019-жылы ушуга окшош окуя Түркстан облусунун Арыс шаарына да катталган. Ал жерде да аскердик кампада жарылуу болуп, төрт адам өлгөн, ондогон киши жаракат алган. Жарылуунун кесепетинен миңдеген киши эвакуацияланган. Анда Ермекбаев катуу сөгүш алып, бирок кызматын сактап калган.

Жамбыл облусундагы кайгылуу окуяга байланыштуу 29-августта Казакстанда аза күтүү күнү жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий