• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандын КРнын беш компаниясынын сүт азыктарына тыюу салуусу ЕАЭБ нормаларына дал келбейт - Акенеев

Экономика 0

Бишкек, 16.10.17 /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Казакстандын Кыргызстандын беш сүттү кайра иштетүүчү компаниясынын сүт азыктарына тыюу салуусу ЕАЭБ нормаларына дал келбейт. Бул тууралуу экономист Азамат Акенеев билдирди.

Анын айтымында, компанияларга тыюу салуу, аларды экспортерлорунун тизмесинен чыгарууга Казакстандын ЕАЭБ алкагында укугу жок. Көзөмөлдөө жана экспортерлордун тизмесинен чыгаруунун үстүндө кыргыз аккредиттелген укуктуу органдары алектенет.

“Бул тыюу салуу ЕАЭБ ченемдерине туура келбейт. Казак тарап кайсы компания экспорттой аларын же албасын чече албайт. Анткени биз бирдиктүү бажы аймагындабыз. Демек, өз аймагына тыюу салуу, автоматтык түрдө Россия, Белорусия, жана Арменияга тыюу салуу болуп саналат. Алар өздөрүнүн улуттук мыйзамдары боюнча ташууга кандайдыр бир чектөөлөрдү кое алышы аздап мүмкүн. Анткени ЕАЭБ нормалары улуттук мыйзамдан жогору турат”, - деди Акенеев.

Ошондой эле эксперт казак тарап тыюу салган себеби чындыкка дал келбестигин, анткени кыргыз ишканаларын казак текшерүүчү органдары текшере албастыгын билдирди.

“Казак тарап КРда жайгашкан ишканаларды кантип текшермек эле? Алардын текшерүүчү органдары бизге келип, ишканаларыбызды текшериши мүмкүн эмес. ЕАЭБ нормаларына дал келбөөчүлүктү биздин тарап аныкташы керек, текшерүүлөр биздин укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүшү керек. Казак текшерүү органдары ташылган партиядагы бузууларды аныктап, ал партияны кайтара алышмак”, - деп түшүндүрдү Акенеев.

“Эгерде казак тарап азыктарда кандайдыр бир бузууларды тапса, балким, азыктар нормага дал келбестигин текшерүү жүргүзүшүп аныкташкан болсо, анда алар белгилүү бир партияга тыюу сала алышат. Алар биздин экспортерлордун тизмесинен чыгара алуучу тиешелүү органдарга маалымат бериши керек”, - деп кошумчалады Акенеев.

Белгилей кетсек, казак ЖМКлары Казакстандын Маалымат жана коммуникациялар министрлигине таянып, буга чейин текшерүүлөрдө бузуулар аныкталгандыктан кыргызстандык беш сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын азыктарын Казакстанга ташууга тыюу салынганы тууралуу жазып чыгышкан.

“Эки кыргыз ишканасынын айрым азыктарына карата күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөлдөө жүрүүдө”,- деп айтылат билдирүүдө.

2017-жылдын 10-октябрынан тарта кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөл күчөтүлгөнү маалымдалат. Учурда алты чек ара постторунда 32 инспектор иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий