• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстандын Кыргызстанды аткезчиликке айыптоосу башка коңшуларды жооп кайтартты - Мамытов

Экономика 0

Бишкек, 31.10.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Казакстандын Кыргызстанды аткезчиликке айыптоосу башка коңшуларды жооп кайтартты.бул тууралуу Кыргызстан менен Казакстандын “Соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери” тегерек үстөлүндө Чек ара кызматынын мурдагы башчысы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, башка өлкөлөр менен чек араларда дагы товарларды текшерүү дыкат жүргүзүлүп калды. Алсак, кыргыз-кытай чек арасындагы жагдай.

Буга байланыштуу Кыргызстандын өкмөтү тиешелүү маморгандар менен биргеликте азык-түлүк коопсуздугу маселесин иштеп чыгуусу керек. Буга чейин концепция кабыл алынган, бирок эскирип калды”, - деди ал.

Мамытов учурда ошондой эле Казакстандын кыргыз-казак чек арасындагы аракеттерин негиздеген бардык дооматтарын толук кандуу талдоо зарылдыгын билдирди.

“Эгерде кайсы бир жерде жасалма коюлган дооматтар болсо, аларды четке кагуу керек. Эгерде негиздүү нерсе болсо, аларды моюндап, бүтүм чыгарып, кемчилдиктерди четтетүү зарыл. Бизди аткезчиликке айыптоого түрткү бербөө керек”, -деп кошумчалады ал.

Өз кезегинде эксперт Кубат Рахимов Кыргызстандын министрлерди Евразия экономикалык комиссиясында бүгүн Казакстан менен чек арада маселе жаратып жаткан тармактарды көзөмөлдөй турганын кошумчалады. Тактап айтканда, бир министр бажыны, экинчиси унаа жаатында.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 10-октябрында Казакстан кыргыз-казак жана казак-россия чек араларында кыргызстандыктарга жана Кыргызстандын жүктөрүнө күчөтүлгөн текшерүү режимин киргизген. Кийин 18-октябрда Астанада эки өлкөнүн өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, адамдар, жүргүнчүлүк унаалар жана бош жүк унаалары үчүн артыкчылыктуу өткөрүү тартибин камсыздоо тууралуу макулдашылган.

Бүгүнкү күнү жүк жүктөлгөн унаалардын көйгөйү чечилбей турат. Аларды чек арадан өтө жай өткөрүшүп же таптакыр эле өткөрбөй коюшууда. Бул жагдайга байланыштуу Кыргызстан жана Казакстан өткөрмө пункттарында жүк унааларынын бир нече чакырымга созулган тыгыны пайда болду.

2017-жылдын 25-октябрындагы Еревандагы ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинде Казакстан Кыргызстанды чек арадагы бажы көзөмөлүнүн начардыгынан Кытайдан аткезчилик товарларды ташууга жол берилип жатканына айыптады. Чек арадагы кырдаалды дал ушул менен түшүндүрүштү. Кыргыз тарап Казакстан өкмөт башчысынын билдирүүсүнө жооп катары такталбаган товарлар көйгөйү бардык ЕАЭБ өлкөлөрүндө бар экенин маалымдады. Ал эми Казакстанда аткезчиликтин көрсөткүчү Кыргызстандыкы менен бирдей.

Жыйынтыгында, тараптар ЕАЭБ жыйынында чек ара маселесин жөнгө сала алышкан жок. Кыргызстан өкмөтүнүн билдирүүсүндө сүйлөшүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий