• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте Казакстандын маданият күндөрүнүн алкагында уникалдуу көргөзмө ачылды

Маданият 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында Казакстандын Борбордук мамлекеттик музейинин жана А. Кастеев атындагы мамлекеттик искусство музейинин коллекциясынан Казакстандын археологиялык экспонаттары менен көркөм сүрөт искусствосунун көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ачылыш салтанатка Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин Маданият комитетинин төрагасы Акан Абдуалиев, парламентинин Мажилисинин депутаты Жанарбек Садыканулы, А. Кастеев атындагы мамлекеттик искусство музейинин жана Алмата шаарындагы Борбордук мамлекеттик музейинин жетекчилиги жана кеңири коомчулук катышты.

Анда улуу талаа цивилизациясынын жаратуучулары - көчмөндөрдүн маданий салттарынын жана ар тараптуу аспектилерин чагылдырган уникалдуу археологиялык экспонаттар коюлду.

Көргөзмөнүн көрүүчүлөрүнө өлкөнүн символикасынын ажырагыс бөлүгү болуп калган Казакстандын тарыхындагы эң атактуу археологиялык ачылыш "Алтын адам" тартууланды.

Ошондой эле, А. Кастеев атындагы Казакстандын Мамлекеттик искусство музейинин коллекциясына кирген Казакстан сүрөтчүлөрүнүн живописинин жана скульптуралык чыгармаларынын ачык мисалдары сунушталды.

Иш-чаранын жүрүшүн «Туран» казак фольклордук-этнографиялык ансамблинин концерти коштоду.

Эскерте кетсек, көргөзмө 8-14-октябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий