• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстандын мурдагы коргоо министри куралдуу күчтөрдүн катарынан чыгарылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Арыстагы жарылууга байланыштуу мурдагы коргоо министри Сакен Жасузаковду жазалап, анын Куралдуу күчтөрдүн катарынан чыгарды. Жасузаков 2016-2018-жылдары Казакстандын коргоо министри болгон.

Мындан тышкары Токаев коргоо министринин биринчи орун басарына, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын мурдагы башчысына, коргоо министринин мурдагы орун басарына катуу сөгүш жарыялады.

Казакстан президенти аларды “өздөрүнө жүктөлгөн милдетти дурус аткарган жок, курал-жарак кампаларын көчүрүү жана жайгаштыруу учурунда кемчиликтерге жол берди” деп айтыптады.

Пикир

Оставить комментарий