• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахметов эркиндикке чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.09.17 /Кабар/. Коррупцияга айыпталып дээрлик эки жыл түрмөдө жаткан Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахметов эркиндикке чыкты. Соттун чечимине ылайык, саясатчы жаза мөөнөтүнүн калган бөлүгүн жашаган жеринде өтөйт.

Караганда облусунун Карабас айлындагы абактан чыккан Ахметов журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, үйүнө бара жатканын айткан.

Жыл башында бийлик жарыялаган мунапыска ылайык, сот Ахметовдун жаза мөөнөтүн бир жыл жети айга кыскарткан.

Караганда соту мурдагы премьер-министр Ахметовду 2015-жылдын декабрында бюджеттик каражатты уурдоо, кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу жана мыйзамсыз негизде ишкердикке аралашкан деген кине менен 10 жылга эркинен ажыраткан.

Ахметовдун адвокаттарынын арызынан кийин 2016-жылы апелляциялык сот мурдагы өкмөт башчынын жаза мөөнөтүн сегиз жылга чейин кыскарткан.

Серик Ахметов 2012-2014-жылдары Казакстандын өкмөт башчысы болгон.

Пикир

Оставить комментарий