• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мааракелик жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

Тамчы айылындагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Премьер-министрди Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды.

Визиттин жүрүшүндө Аскар Маминди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын катышуусундагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 2019-жылдын 9-августунда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий