• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин расмий сапары менен Кыргыз Республикасына келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда аны Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Аэропорттогу расмий жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган, алардын катарында VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин жыйыны. Ал эми эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта өтмөкчү.

Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди кароону пландаштырууда. Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.

Ошондой эле Казакстан Республикасынын премьер-министрин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий