• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандын премьер-министри Сагинтаев менен элчи Кулубаев жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Кечээ, 28-январда Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Жээнбек Кулубаевди Астана шаарындагы өкмөт үйүндө кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу учурунда элчи Сагинтаевге 2017-жылдын декабрь айында кол коюлган Жол картанын жана 2018-жылдын август айында кол коюлган Өкмөт аралык Кеңештин 7-чи отурумунун Протоколунун ишке ашуусу боюнча маалымат берди.

Ошондой эле эки тарап кыргыз-казак соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана регион аралык кызматташуусун өнүктүрүү маселеси боюнча пикир алмашышты.

Б.Сагинтаев Кыргызстандын премьер-министри М.Абылгазиевге жылуу саламын айтуу менен бирге жакынкы арада Алматы шаарында ЕАЭСтин отурумунда жолугушарына үмүт кылды.

Пикир

Оставить комментарий