• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Казакстандын премьери Мамин Акылбек Жапаровду кызматка дайындалышы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Казакстан Республикасынын премьер-министри Аскар Мамин Акылбек Жапаровго Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо жөнөттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Казакстандын премьер-министри белгилегендей, биргелешкен күч-аракеттер келечекте республикалар ортосундагы кызматташуунун бардык чөйрөсү боюнча өз ара аракеттешүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

«Бир туугандык жана коңшулук салттуу принциптерге негизделген эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу жана конструктивдүү кызматташтык эки өлкө элинин кызыкчылыктарына дал келет», – деди ал.

Аскар Мамин Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттин кызыкчылыгын аркалаган ишиндеги ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий