• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстандын премьери Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташуу тууралуу айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. "Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы алака ишеним жана өз ара колдоого негизделген өз ара кызматташуу катары мөнүздөлөт", - деди Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин КРнын премьер-министри Мухаммкедкалый Абылгазиев менен болгон кеңири курамда өткөн сүйлөшүүлөр маалында.

Белгилей кетсек, Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга бүгүн расмий сапары менен келген.

Казакстандын өкмөт башчысы белгилегендей, бул иш-чара күзүндө Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын утурлай өтүүдө.

Анын айтымында, соода-экономикалык кызматташууну арттырууга мүмкүнчүлүк бар.

"Жолугушу учурунда биздин мамлекет башчылар бир нече ирет өз ара соода көлөмүн арттырууга аракет кылуу керектигин айтышкан. Сиз туура белгилегендей, былтыр өз ара соода дээрлик 850 млн. доллар болгон. Ошол эле учурда 2020-жылы товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүү аткарыла турган иш. Биз бул багытта иштөөгө даярбыз", - деди Мамин.

Андан тышкары, Мамин Казакстан Кыргызстандын экономикасына инвестиция кылган алдыдагы үч инвестордун бири экенин айтты.

"Казакстан Кыргызстандын экономикасына инвестиция жасаган үч ири инвестордун катарына кирет. 2005-жылдан 2017-жылга чейин түз инвестициялардын көлөмү 670 млн. доллар болгон. Биз инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө даярбыз. Биз менен кошо Кыргызстандагы кесиптештери менен активдүү иштегиси келген жоон топ бизнесмендер келди. Бүгүн отурумдун алкагында биздин өлкөлөр ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы долбоорлорду таап, сунуштайбыз деп ишенем. Анын ичинде Кыргызстандын экономикасына түз инвестиция тууралуу сөз болууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий