• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди Нооруз майрамы менен куттуктады.Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Бүт адамзатка бакыт чачкан, адамдарды тили жана дини боюнча бөлбөгөн, биримдикке жана бкыбаттыкка чакырган Нооруз майрамы биздин дос жана тилектеш элдерибизге ашкан-ташкан кубаныч жана бакты-таалай алып келсин!

Жаңы өмүрдүн башаты болгон Нооруз Сизге кубаныч менен жакшылык тартууласын!

Казакстан менен Кыргызстан ортосунда өз ара түшүнүүчүлүккө жана жемиштүү кызматташтыкка ширелген достук мамилелер дагы бекемдей берсин, мен биздин элдердин жакшылыгы үчүн мындан ары дагы өсүп-өнүгөт деп бекем ишенем», - деп белгиленет телеграммада.

Казакстан Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президентине жооптуу кызматына ийгиликтерди, кыргыз элине тынчтык менен бакыбаттыкты каалады.

Пикир

Оставить комментарий