• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандын президенти эки күндүк мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга барат

Коом 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки күндүк мамлекеттик сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, казак мамлекет башчысы Ташкентке 14-апрелде учуп барып, Шавкат Мирзиёев менен жолугат.

«Пландалган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу достук, стратегиялык өнөктөштүк мамилелердин келечеги талкууланып, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык жана башка тармактар боюнча карым-катнаштын приоритеттүү багыттары каралат», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Мындан тышкары президенттер аймактык кызматташтык жана эл аралык көйгөйлөр боюнча пикир алмашат. Аягында мамлекет башчылардын биргелешкен билдирүү жасоосу жана өлкөлөр ортосундагы көп багыттуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган документтер топтомуна кол коюусу пландалууда.

Президенттер ошондой эле Казакстандын Өзбекстандагы жылынын расмий ачылышына катышат. 2018-жыл Казакстанда Өзбекстан жылы деп жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий