• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Саясат 0


Бишкек, 26.05.22. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку даражалуу мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүлөрү жүрүп, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Евразиялык экономикалык биримдиктин пленардык жыйынына өлкө лидерлери видеоконференция аркылуу да катышат.

Пикир

Оставить комментарий