• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУга кайрылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.01.22. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башчыларына өлкөдөгү тартипти камсыз кылууга жардам сурап кайрылды.

"ЖККУдагы өнөктөштөргө кайрылуу орундуу жана мезгилдин талабы деп эсептейм", - деп президент билдиргендигин Sputnik Казакстан агенттигине таянып РИА Новости жазды.

Токаев өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяларды сырткы агрессия деп атады. Анын айтуусуна караганда, кеп мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч жаратып, жарандарга кол салуу жөнүндө болуп жатат.

Эскерте кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Массалык нааразылык акцияларынан улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн эртең менен өкмөттүн отставкасы тууралуу жарлыкка кол койду. Ошондой эле Казакстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди.

ЖМКлардын маалыматына караганда, митингчилер Алматыдагы президенттин резиденциясын жана аэропортту басып алышкан.

Нур-Султан, Алматы шаарларында жана Мангистау облусунда өзгөчө абал режими жарыяланып, коменданттык саат киргизилди. Карапайым калк менен коопсуздук кызматкерлери ортосунда кагылышуу уланууда.

Пикир

Оставить комментарий