• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандын президенти коронавируска каршы "Спутник V" менен эмделди

Дүйнө 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Касым-Жомарт Токаев коронавируска каршы эмделди, деп айтылат zakon.kz порталындагы билдирүүдө.

Басылманын маалыматы боюнча, бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз катчысы Берик Уали билдирген.

“Бүгүн өлкө башчы караганда фармацефтикалык заводунда өндүрүлгөн "Спутник V" вакцинасы менен эмделди. Эмдөө алгандан кийинки анын абалы жакшы. Эч кандай терс таасирлер жок. Президент Казакстандын жарандарын эмдөө жана жамаатык иммунитетти түзүү гана бизге коронавирусту жеңүүгө, бардык чектөөлөрдү алууга жана жарандардын кадимки жашоосун жана экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүүнү камсыз кылат деп ишенет”, - деп жазган ал социалдык тармакка.

Казакстандын президенти дагы бир жолу бардык жарандарды биринчи мүмкүнчүлүктө вакцина алууга чакырды. Бул өзүңдү жана жакындарыңды коргоонун жалгыз жолу.

Мындан мурда президент өкмөткө жана жергиликтүү аткаруу органдарына чет өлкөдөн вакцина алып келүүнү камсыздоо жана ата мекендик өндүрүштү жолго коюну, ошондой эле эмдөө процессин уюштурууну тапшырган.

Үстүбүздөгү жылы январда Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн кеңейтилген жыйынында коронавируска каршы кахакстандын вакцинасы менен эмдөө ала турганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий