• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандын президенти Кыргызстандын ШКУ төрагалыгындагы жогорку деңгээлди белгиледи

Саясат 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын ШКУ төрагалыгындагы жогорку деңгээлди белгиледи. Бул тууралуу ал Бишкектеги ШКУ саммитинин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, Шанхай кызматташтык уюму эффективдүү жана бедели бар эл аралык бирикмелердин бири болуп эсептелет. Ал жаш уюм экенине карабай өзүнүн өнүгүүсүндө көзгө көрүнө турган ийгиликтерге жетип, бүтүндөй дүйнөлүк коомчулуктун назарын бурдура алды.

"Биз ШКУнун потенциалын колдоп, бекемдешибиз керек", - деди ал.

Ошондой эле Казакстандын президенти Евразиянын негизги көп багыттуу түзүмдөрү менен алаканы кеңейтүү керектигин айтып өттү.

Ал белгилегендей, ШКУга ЕАЭБ, БРИКС жана Европа биримдиги өнөктөш боло алат.

Ошондой эле Токаев, уюмга мүчө өлкөлөрдө санариптештирүүнү өнүктүрүү үчүн ШКУ өлкөлөрүнүн жаш IT адистеринин форумун өткөрүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий