• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстандын президенти Москвага Жеңиш парадына барбайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым Жомарт Токаев Москвага Жаңиш парадына барбайт. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Берик Уалиевге шилтеме берүү менен Tengrinews.kz билдирет.

“Мамлекет башчысынын басма сөз кызматынын дарегине ЖМКлардын өкүлдөрүнөн Касым Жомарт Токаевдин Жеңиш майрамына арналган москва парадына катышуусу тууралуу суроого комментарий берип коюну өтүнгөн билдирүүлөр түшүп жатат. Россия тараптан тиешелүү чакыруу келген жок, ошондуктан президенттин Москвага баруусу алдын ала пландалган эмес”,-деп билдирет Уали Facebook баракчасына.

Пикир

Оставить комментарий