• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Назарбаев Кыргызстан элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 14.06.18 /Кабар/. Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Сизди жана Кыргызстандын бардык элин мусулман үмөттөрү чоң сыймыктануу менен атап өтчү касиеттүү Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Берекеси мол касиеттүү майрам күндөрү ынтымак менен ырысыбыз арта берсин. Адам баласын мээримдүүлүк менен кайрымдуулукка жетелеп, көңүлүнө бийик баалуулуктарды уялаткан Орозо айттын шоолалуу күндөрүндө Сизге чың ден-соолук жана бакыт, ал эми боордош Кыргызстан элине тынччылык жана өсүп-өнүгүү каалайм», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий