• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Казакстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 21.03.22./Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Казакстандын мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Жогорку адеп-ахлактык идеалдарды ишке ашырган бул куттуу жаз майрамы руханий жаңыланууга, тынчтыкка жана биримдикке үндөйт. Эзелтен аздектеп келген Нооруз биримдиктүү боордош мамлекеттерибизге кубаныч жана береке алып келсин.

Биздин биргелешкен күч-аракетибиздин аркасында бекем достукка жана ынак коңшулукка негизделген Казакстан менен Кыргызстандын союзу элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да динамикалуу өнүгө берерине терең ишенем. Нооруз ар бир үйгө байгерчилик жана өсүп өнүгүү алып келсин!»

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго өлкөнүн туруктуу өсүп өнүгүүсү үчүн бардык жакшы иштерде чоң ийгиликтерди, боордош Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий