• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандын президенти Токаев Баткен облусунда курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 1-майда, телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Телефон аркылуу сүйлөшүү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен ишке ашты.

Баарлашуунун жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев чек арадагы жаңжалды тынчтык жолу менен ынак коңшулук, өнөктөштүк жана боордоштук маанайда жөнгө салуунун маанисин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий