• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандын президенти Токаев Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет

Саясат 0

Бишкек, 12.07.19. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев үстүбүздөгү жылдын күз айында Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин билдирди.

Ал маалымдагандай, бүгүнкү иш-чара убакытты тактап алуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте VIII кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтүүдө. Ага Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана бүгүн Кыргызстанга расмий визит менен келген Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышууда.

Пикир

Оставить комментарий