• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Казакстандын президенти Токаев мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 25.11.19. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди.

Ал маалымдагандай, визит 27-ноябрда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен болот.

Ал мамлекеттик визит эки тараптуу кызматташуунун саясий деңгээлин тастыктаган визиттин эң жогорку формасы экенин баса белгиледи.

«Казакстандын президентинин мамлекеттик визитинин алкагында кыргыз-казак кызматташтыгынын келечектүү маселелери боюнча пикир алмашуу болот. Көп пландуу кыргыз-казак кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда», — деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Чек ара кызматташтыгы, транспорт, миграция, саламаттыкты сактоо ж. б. чөйрөлөр боюнча документтерди кабыл алуу күтүлгөнүн маалымдады.

«Мындан тышкары, визиттин алкагында Кыргызстан жана Казакстан Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт. Бул жыйын акыркы беш жылдан бери биринчи жолу өтөөрүн белгилей кетүү керек. Анын жыйынтыгында тийиштүү чечимдер кабыл алынат», - деп маалымдады Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий