• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Казакстандын президенти Токаев ноябрь айында Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар ноябрь айында келет. Бул тууралуу Казакстандын Нур-Султан шаарында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен Казакстандын парламентинин төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушкан учурда белгилүү болду.

Өз сөзүндө төрага Дастанбек Жумабеков Кыргызстан менен Казакстандын достук мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууга түзүлгөн мүмкүнчүлүк үчүн кубанганын белгиледи. Ошондой эле ал Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумуна чакыргандыгы үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирип, аталган отурум аркылуу Казакстан Евразия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн парламенттерин жакындатуу боюнча жигердүү иш алып барып жатканын кошумчалады.

“Нур-Султан калаасында ушундай ири масштабтагы иш-чараны ийгиликтүү өткөрүп жаткандыгы үчүн казак тарапты куттуктайм. Отурумга Европа, Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин жана эл аралык уюмдардын көптөгөн делегацияларынын катышып жатышы – Казакстандын жетишкендиктерин гана эмес, анын тышкы саясаттагы туруктуулукту жана эл аралык коопсуздукту сактоого багытталган аракетин, глобалдык интеграциялоо демилгесин таануу деп билем”,– деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Муну менен катар Дастанбек Жумабеков Казакстан Республикасынын биринчи президенти – Эл башы Нурсултан Назарбаевдин глобалдуу дүйнөнү ядролук куралсыз өнүктүрүү, ар кандай цивилизациялардын өкүлдөрүнүн ортосундагы байланышты камсыздоо менен Евразиялык интеграциялоо жаатындагы тарыхый ролун баса белгиледи.

Өз кезегинде Казакстан парламентинин Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулин ушул жылдын ноябрь айында президент Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен барууну мерчемдеп жатканын маалымдап, анын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери талкууланарына үмүт артарын билдирди.

Ошондой эле Нурлан Нигматулин артыкчылыкка ээ кызматташтык чөйрөсүндөгү көптөгөн маселелерди чечүүгө жана байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө болчу бардык деңгээлдеги алакаларда алдыга жылуу байкалганына токтолду.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова, Урмат Самаев, Алмаз Жутанов жана Нодирбек Каримов катышты.

Пикир

Оставить комментарий