• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстанда мектептерде аралыктан окутууну I чейректин аягына чейин улантуу сунушу айтылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги мектептерде аралыктан окутууну биринчи чейректин аягына чейин улантууну сунуштады.

9-сентябрдагы басма сөз жыйында өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой аралыктан окутууну улантуу сунушун коронавирус инфекциясынын жайылуусун токтотуу аракети менен түшүндүрдү.

«Биз үчүн азыркы оору азайып жаткан темпти сактап калуу өтө маанилүү. Ошондуктан биринчи чейректи толугу менен аралыктан окутууну сунуштап жатабыз», - деди Цой.

Министрликтин маалыматына караганда, марттан бери Казакстанда 2 418 балага коронавирус жукканы аныкталып, алардын 98%ы айыгып чыгышты.

Ал ортодо ата-энелер менен мугалимдер аралыктан окутууну сынга алышууда. 1-сентябрга карата 100 миңдеген балада онлайн окууга керектүү техникалык каражаттар жок болуп чыкты. Мындан тышкары алардын көбү онлайн билим алуу үчүн интернетке акча төлөөгө, балдарына жардам берүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдиришүүдө.

Казакстандын Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 2,6 миллион окуучу аралыктан билим алып жатса, 800 миң бала мектепке барып окуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий