• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Казакстандын түндүгүндө кызылча оорусу күч алууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Түндүк Казакстан облусунунун Коомдук саламаттык сактоо департаментинин маалыматы боюнча жыл башынан бери 36 киши кызылча илдетинин белгилери менен ооруканага кайрылган. Алардын 12си чоңдор, 24ү – 14 жашка чейинки балдар.

Департамент белгилегендей, илдетке кабылган адамдардын 83% (30 киши) кызылчага каршы эмдөөдөн өткөн эмес.

Лабораториялык иликтөөлөрдүн негизине 22 бейтаптын кызылчага чалдыкканы тастыкталган.

Расмий маалыматтар боюнча 2018-жылы облуста бир киши гана кызылча менен ооруган.

Казакстанда көптөгөн ата-энелер балдарын эмдетүүдөн баш тартууда. Буга диний ынанымдар гана эмес вакциналардын сапатына күмөн саноолор дагы себеп болууда.

Пикир

Оставить комментарий