• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Казакстандын Түркстан облусун кайрадан сел каптады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Казакстандын Түркстан облусун кайрадан сел каптады. Нөшөрлөгөн жамгыр бир нече күндөн бери токтой элек. Аймак майдын башында Өзбекстандагы дамбанын жырылышынан жапа чеккен.

Түркстанда жаан шаршембиде эле башталган. Ошол эле күнү кечинде Каскасу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, үч райондогу бир нече айылдарды суу каптады.

Аймактан болжол менен 150дөй киши көчүрүлдү, дагы ушунча киши айылдардан өздөрү чыгып кетүүгө үлгүргөн. Айрым тургундар болсо мал-мүлкүн сактап калуу аракетинде үйлөрүнөн кетүүнү каалашкан эмес.

Жергиликтүү бийлик селдин чыгымдарын эсептей элек. Алдын ала маалыматтарга караганда, Елтай жана башка дагы беш айылда 300дөй үйдү суу каптаган. Каскасу айыл аймагында суу төрт көпүрөнү жууп кетти.

Ушул тапта суу каптаган айылдарда арыктарды тазалоо иштери жүрүүдө. Жергиликтүү аткаминерлердин билдиришинче, 40 мүнөттө бир айдын нормасындагы жаан жааган. Селдин кесепетин жоюу үчүн Чымкент шаарынан куткаруучулар чакырылды. Жергиликтүү деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыяланды, синоптиктер Түркстан облусунун башка аймактарында да аба ырайы чукул өзгөрө турганын эскертүүдө.

Пикир

Оставить комментарий