• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Казакстандын түштүгүндө 135 бала ВИЧ илдетине кабылганын билди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.02.18. /Кабар/. 2017-жылы Түштүк-Казакстан облусунда ВИЧ жуктурган 135 бала оорулуу экенин билди. Бул тууралуу журналисттерге “Эне жана бала” реаблитациялык борборунун башкы дарыгери Бакытжан Шакенов маалымдады.

Шакеновдун айтымында, балдарга ВИЧ-статусу тууралуу өкмөттүк эмес уюмдардын көмөгү менен маалымат берилет.

— Баланын макамын 11-12 жашында ачыкка чыгарган туура болот. Буга ата-энесинин уруксаты керек. 2018-жылы ВИЧ жуктурган дагы 45 баланын макамын ачыкка чыгаруу пландалууда. Биз илдети тууралуу билген балдар менен иштейбиз. Ата-энелери менен байланышта болуп, бул макам менен жашоого көнүүгө жардам беребиз, — дейт Шакенов.

Башкы дарыгердин айтымында, учурда облуста ВИЧ илдети менен 242 бала каттоодо турат.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий