• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстандын түштүгүндө жүргүнчүлүк автобус аласалып кетип, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 31.10.17 /Кабар/. Шейшембиде Казакстандын түштүгүндөгү Жабыл облусунда 31 жүргүнчүсү бар автобус оодарылып кетип, бир адам каза болуп, калгандары ар кандай жаракаттарды алышты.

Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы билдиргендей, ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн 13 санитардык унаа келген. 1997-жылы туулган бир адам каза болгонун РИА Новости билдирди.

“Жабыркагандардын үчөөнө жеринде медициналык жардам көрсөтүлдү. Шаардык №1 ооруканага 28 адам жеткирилип, сегизи жаткырылып, 19уна алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө кое берилди. Бир бала облустук балдар ооруканасына жаткырылды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий