• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Казакстандын тунгуч президенти Назарбаев Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

«Улуу Жеңиш биздин элдерибизди бириктирип, жалпы тарыхтын сыноосунан бирге өткөн тагдырлаш Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достуктун айкын символдорунун бири болгонуна кубанычтамын. Кыргызстандын согуштун жана ооруктун каарман ардагерлерине чын дилимден ыраазычылыгымды билдирүү менен аларга бекем ден соолук жана бакубатчылык каалаган тилектеримди жеткирип коюуңузду өтүнөм, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык жана өнүгүп-өсүү каалайм», — деп айтылат Нурсултан Назарбаев куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий